Пакистан Түркияга ыраазычылык билдирди

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушту.

1611253
Пакистан Түркияга ыраазычылык билдирди

Жамму Кашмир маселесинде Түркиянын принциптүү жана чечкиндүү колдоосуна ыраазычылык билдирген Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши, мунун Кашмир эли үчүн күч булагы болгонун билдирди.

Тажикстанда бүгүн өтө турган Азиянын жүрөгү-Стамбул процессиндеги 9-министрлер конференциясынын алкагында борбор шаар Душанбеге барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри Курейши менен жолугушту.

Чавушоглу жолугушууга байланыштуу Твиттердеги билдирүүсүндө: «Биз Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши менен жолуктук. Эки тараптуу мамилелерибизге жана Афганистандагы тынчтык жараянына байланыштуу акыркы окуяларга баа бердик», деди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө да эки министрдин саясий, дипломатиялык, экономикалык жана коргонуу жаатындагы кызматташтык сыяктуу кеңири тармактардагы эки тараптуу карым-катнаштарга баа бергендери жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашкандары маалымдалды.

Жамму Кашмир маселесинде Түркиянын принципиалдуу жана чечкиндүү колдоосун мактаган Курейши, мунун Кашмир эли үчүн күч булагы болгонун айтты.

Ооган тынчтык жараянындагы акыркы окуяларды талкуулашкан эки министр, Афганистандагы тынчтык жараяны темасында Түркияда өткөрүлө турган конференция боюнча пикир алмашышты.



Тектеш кабарлар