Эрдоган эл аралык коомчулукка вакцина боюнча чакырык салды

Эрдоган "Ковид-19 жана андан кийинки өнүгүүнү каржылоо" аттуу онлайн иш-чарага видео кайрылуу жолдоду.

1611228
Эрдоган эл аралык коомчулукка вакцина боюнча чакырык салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өз жарандарын эмдей тургандай дозасы бар өлкөлөрдүн ашыкча вакциналарын муктаж өлкөлөргө жеткириши керектигин билдирди.

Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюму тарабынан мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда уюштурулган "Ковид-19 жана андан кийинки өнүгүүнү каржылоо" аттуу онлайн иш-чарага видео кайрылуу жолдоду.

Эрдоган өзүнүн кайрылуусунда: «Калкынын дээрлик бардыгын вакцинациялаган өлкөлөр бар. Бирок миллиарддаган адамдар вакцинанын биринчи дозасын да ала албай жатышканы адамзат үчүн тынчсызданууну жаратууда»,-деди.

«(Ковид-19) Вакцина маселеси курч болуп калды. Дүйнө жүзүндө 100гө жакын өлкөнүн вакцинага жете электигин көрүп жатабыз» деген президент Эрдоган: «Вакциналарга адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылмайынча эпидемия токтобой тургандыгы жана экономиканын калыбына келбей тургандыгы айдан ачык. Өз жарандарын эмдей тургандай дозасы бар өлкөлөр ашыкча вакциналарын муктаж өлкөлөргө бериши керек»,-деди.

Эрдоган, атамекендик эмдөө иштери аяктаганда, вакцинаны эң ыңгайлуу шарттарда бүткүл адамзатка колдонууну сунуштап жатабыз деп билдирди.



Тектеш кабарлар