Чавушоглу Тажикстанда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстанда Индиянын, Ооганстандын жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө жолугушту.

1610868
Чавушоглу Тажикстанда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстанда Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар, Ооганстандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен өз-өзүнчө жолугушту.

Азиянын жүрөгү-Стамбул процессиндеги 9-министрлер конференциясына жана эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулоо үчүн Тажикстанга барган Чавушоглу ал жердеги айрым кесиптештери менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттерде Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкар менен эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык өнүгүүлөрдү талкуулагандарын белгилеп, «Биз, экономика жана соода баш болгон мамилелерибизди жакшыртабыз»,деген билдирүүсүн бөлүштү.

Чавушоглу Ооганстандын тышкы иштер министри Атмар менен Ооганстандагы тынчтык жараянын баалашкандарын жана Стамбулда боло турган жолугушууга даярдыктарды талкуулашканын билдирди.

Чавушоглу: «Биз Ооганстан үчүн тынчтыкты жана турукташтыруу аракеттерин колдой беребиз»,-деп айтты.

Министрлер Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу бөлүшүүсүндө болсо, Азербайжан менен Түркиянын ортосунда кимлик менен саякаттоонун  1-апрелден тарта башталганына канааттангандыктарын билдирип, «Биздин бекем кызматташтыгыбыз ар тармакта улантылат»,деген баасын берди.



Тектеш кабарлар