Афганистанда саясий чечүүчү жолдун табылышы үчүн кенен машстабдуу ок атышпоого муктаждыктын бар

Түркияда Азиянын жүрөгү  -  Стамбул процессинин башталышынан бери 10 жыл өттү.

1611240
Афганистанда саясий чечүүчү жолдун табылышы үчүн кенен машстабдуу ок атышпоого муктаждыктын бар

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Афганистанда саясий чечүүчү жолдун табылышы үчүн кенен машстабдуу ок атышпоого муктаждыктын бар экендигин айтты.

Чавушоглу Душанбеде Тажикстан менен Афганистандын теңтөрагалыгында өткөн Азиянын жүрөгү - Стамбул процесси боюнча 9 - министрлер конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Афганистандын коопсуздугу, туруктуулугу жана өнүгүшү баары үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Түркияда Азиянын жүрөгү  -  Стамбул процессинин башталышынан бери 10 жылдын өткөндүгүн айткан Чавушоглу : «Афганистан тууралуу кенен масштабдуу платформа болушунан улам сыймыктанабыз. Аймагыбыздын маселелери бир гана аймактык кызматташуу жана ээ чыгуу руху менен чечиле алат»,- деди.

Чавушоглу былтыры Дохада АКШ менен Талибандын ортосунда кол коюлган меморандумдун Афганистандагы тынчтык процессинде маанилүү окуя болгондугун бирок өлкөдө зомбулуктун улантылып жаткандыгын белгилеп : «Саясий чечүүчү жол үчүн кенен масштабдуу бир ок атышпоого муктаждыгыбыз бар»,- деди.

Чавушоглу акырындык менен жылыш болгонуна карабастан тынчтык процессинин алдыга жылдыруунун бир гана жолу бар экендигин жана баарынын процесске толук колдоо бериши керектигин белгилеп буларды айтты : «Бул ой менен жана афган тарабынын талаптары боюнча Доха сүйлөшүүлөрүн акырына чыгаруу жана жандандыруу үчүн Түркияда жогорку деңгээлде бир жыйын өткөрөбүз. Жыйындын учурдагы тынчтык аракеттерине маанилүү салым кошоруна жана Афганистандын келечектеги саясий жол картасына байланыштуу талкууларда алдыга жылуунун болорун ойлоп жатабыз. Ийгиликтүү болушу үчүн баарыңыздардын колдооңуздарды күтөбүз».

Чавушоглу Түркиянын  боордош Афганистандын тынчтык, туруктуулук жана бейкуттугу үчүн  Азиянын жүрөгү - Стамбул процесси жана бардык платформаларда иштөөнү улантарын белгиледи.  

 

 

 



Тектеш кабарлар