Улуттук Чалгындоо Уюму менен түрк куралдуу күчтөрү ПККнын бажы координатору террористин жок кылды

ПКК/КЖКга салык чогулткан террорист Айдын ошол эле учурда уюмдун эң ишенимдүү ысымдарынын арасында орун алгандыгы белгиленди.

1610551
Улуттук Чалгындоо Уюму менен түрк куралдуу күчтөрү ПККнын бажы координатору террористин жок кылды

Улуттук Чалгындоо Уюму жана түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Кандилде жүргүзгөн операциясында ПКК/КЖКнын бажы координатору  Өмер Айдын жок кылынды.

Алынган маалыматка караганда 1999 – жылдан бери уюмдун ичинде иш алып барган ПКК/КЖКнын Ирак  -  Иран чек арасында  адам жана курал – жарак аткезчилиги менен банги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнөн жооптууларынын арасында орун алган «Ренас Айдын» каймана аттуу Өмер Айдын  Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан иликтөөгө алынды.

2021 -  жылы 2 -  февралда аймакта ылайыктуу шарттардын пайда болушу менен түрк куралдуу күчтөрү менен бирдей убакта жүргүзүлгөн операцияда террорист Өмер Айдын жок кылынды.

ПКК/КЖКга салык чогулткан террорист Айдын ошол эле учурда уюмдун эң ишенимдүү ысымдарынын арасында орун алгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар