Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Душанбеде түрк ишкерлер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Тажикстандын борбор шаары Душанбеде түрк ишкерлери менен жолугушту

1610097
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Душанбеде түрк ишкерлер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Тажикстандын борбор шаары Душанбеде түрк ишкерлери менен жолугушту.

Министр Чавушоглу түрк ишкерлери менен өткөргөн жолугушууда Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга сапар менен баргандыгын, андан кийин Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен жолугушкандыгын белгилеп, карым  -  катнаштарды өнүктүрүү, Орто Азияга жана түрк дүйнөсүнө дагы көп көңүл бурууну каалагандарын белгиледи.  

Чавушоглу  твиттердеги  билдирүүсүндө :"Душанбеде  алгач Тажикстан менен мамилелерибизге маанилүү салым кошкон ишкерлерибиз менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык",- деп билдирди.

Министр Чавушоглу Тажикстан жана Афганистандын теңтөрагалыгында өтө турган Азиянын жүрөгү-Стамбул процесси боюнча 9-министрлер конференциясына катышуу үчүн Тажикстанга барды.



Тектеш кабарлар