Түркияда 60 жаш жана андан жогорку жаштагыларды эмдөө башталды

Коронавирус Илимий Кеңеши тарабынан түзүлгөн календардын негизинде Түркия эмдөөдө 2 -  этаптын 2 -  группасына өттү.

1610529
Түркияда 60 жаш жана андан жогорку жаштагыларды эмдөө башталды

Түркияда Ковид  - 19 эпидемиясына каршы 14 миллион 794  000 дозадан ашык эмдөө берилди.  2021 -  жылдын 14 -  январында медицина кызматкерлери менен башталган коомдук эмдөө улантылууда.

Коронавирус Илимий Кеңеши тарабынан түзүлгөн календардын негизинде Түркия эмдөөдө 2 -  этаптын 2 -  группасына өттү.

Ушунун негизинде 60 жаш жана андан жогорку топтордогу айрым бейтаптар үчүн эмдөө күндөрү белгиленди.

Коркунучтуу топтогу ашыкча семиз, рак жана диализ бейтаптары, даун синдрому диагнозу коюлгандар менен иммуно-супрессивдик дарылануучуларга бул этапта алдыңкылык берилди.



Тектеш кабарлар