Түркия менен Азербайжандын ортосунда 1 - апрелден тарта күбөлүк менен саякаттоо башталат
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки өлкөнүн жарандарынын паспорт болбостон бир гана күбөлүктөрү менен Азербайжан - Түркия ортосунда саякатка чыга алары билдирилди.
Түркия менен Азербайжандын ортосунда күбөлүк менен саякат кылуу 1 - апрелде башталат.
Тышкы иштер министрлиги Түркия менен Азербайжандын ортосунда «Күбөлүк менен саякат протоколунун» ички бекитүү процессинин аяктагандыгын жана протоколдун 1 - апрелден тарта күчүнө кирерин жарыялады.
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «2021 - жылы 10 - декабрда Бакуда кол коюлган Түркия республикасынын өкмөтү менен Азербайжан республикасынын өкмөтүнүн ортосунда күбөлүк менен саякатка чыгуу протоколунун ички бекитүү процесси эки өлкөнүн ортосунда бекитилди»,- деп билдирилди.
Бул протоколдун 2021 - жылы 1 - апрелден тарта күчүнө кирери белгиленген маалыматта эки өлкөнүн жарандарынын паспорт болбостон бир гана күбөлүктөрү менен Азербайжан - Түркия ортосунда саякатка чыга алары билдирилди.
Маалыматта өзгөчө : «Жан Азербайжан менен 2021 - жыл 1 - апрелден тарта турмушка ашырыла турган жаңы түзөтүү өлкөлөрүбүздүн ортосундагы «Эки мамлекет, бир улут» сөзүндөгү күчтүү бир туугандык байланыштарды дагы да күчтөндүрөт»,- деп белгиленди.