Түркия Индонезияда болгон кол салууну айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

1610245
Түркия Индонезияда болгон кол салууну айыптады

Түркия, Индонезиядагы чиркөөнү бутага алган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Индонезиянын Түштүк Сулавеси провинциясынын Макассар шаарындагы чиркөөгө багытталган жана кеминде 20 кишинин жаракат алышына алып келген террордук кол салууну терең кайгыруу менен угулганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Терроризм менен көп жылдардан бери күрөшүп келе жаткан жана көптөгөн жарандары терроризмдин курмандыгы болгон өлкө катары биз бул жийиркеничтүү кол салууну кескин айыптайбыз. Кол салуудан жаракат алгандардын тезинен айыгып кетишин каалайбыз жана ушуну менен бирге дос жана боордош Индонезия эли жана өкмөтү менен тилектештигибизди баса белгилейбиз»,делди.

Индонезиянын Түштүк Сулавеси полициясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Е Зулпан билдирүүсүндө, окуя алгачкы тергөө амалдары боюнча жанкечтилик кол салуу болгонун билдирген болчу.

Макассар шаарынын мэри Мухаммед Рамадан Поманто дагы чиркөөгө багытталган кол салууда жекшемби күнкү ырым-жырым үчүн ичинде болгондордун абалы жакшы экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар