ЕБнин жетекчилери 6-апрелде Түркияга келет

ЕБ Кеңешинин маалымат катчысы Мишеле Баренд Лейтц, ЕБнин жетекчилигинин Түркияга бара турган күнүн  социалдык медиа эсебинен жарыялады.

1610663
ЕБнин жетекчилери 6-апрелде Түркияга келет

Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель менен ЕБ Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, 6-апрелде Түркияга келет.

ЕБ Кеңешинин маалымат катчысы Мишеле Баренд Лейтц, ЕБнин жетекчилигинин Түркияга бара турган күнүн  социалдык медиа эсебинен жарыялады.

Лейц, Мишель жана фон дер Ляйендин 6-апрелде Түркияда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша турганын билдирди.

Мишель,  өткөн жумада ЕБнин лидерлеринин саммитинен кийин Түркияга иш сапарын уюштуруу үчүн түрк бийликтери менен байланышта экендигин жарыялаган болчу, бирок иш сапардын датасын айткан эмес.

Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитинде экономика, иммиграция, жамааттар аралык байланыш жана саякат сыяктуу темаларда Түркия менен кызматташтыкты күчөтүү чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар