Чавушоглу: «Тажикстан менен соода көлөмүн арттырыш үчүн колубуздан келгенин жасайбыз»

Чавушоглу Тажикстанга сапарынын алкагында президент Имомали Рахман кабыл алгандан кийин жолугушууга баа берди.

1610785
Чавушоглу: «Тажикстан менен соода көлөмүн арттырыш үчүн колубуздан келгенин жасайбыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Тажикстан менен болгон карым-катнашка жогору баа бергендигин айтты.

Чавушоглу:«Биз Тажикстан менен эки тараптуу соода көлөмүн жана түрк инвестицияларын көбөйтүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз»,- деди.

Чавушоглу Тажикстанга сапарынын алкагында президент Имомали Рахман кабыл алгандан кийин жолугушууга баа берди.

Министр Чавушоглу эртең Тажикстанда өтө турган Азиянын жүрөгү-Стамбул процесси боюнча 9-министрлер конференциясынын уюштурулгандыгы үчүн президент Рахманга ыраазычылык билдирди.

Мевлүт Чавушоглу жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар талкууланды деп белгилеп, «Биз боордош Тажикстан менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз. Тажикстандын коопсуздугу жана туруктуулугу - бул биздин коопсуздугубуз жана туруктуулугубуз»,-деп айтты.

Аймактын стабилдүүлүгү баардыгы үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгилеген Чавушоглу, Тажикстан менен экономикалык кызматташтык, соода, инвестиция, маданият, туризм, билим берүү жана энергетика сыяктуу көптөгөн тармактарда мыкты кызматташтыктын ишке ашырылгандыгын айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Түркиянын аймактык байланышка чоң маани бергенин жана Тажикстан да мунун эң маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи.

Рахман менен жолугушуусуна Твиттерде сереп салган Чавушоглу: «Биздин мамилелер президенттерибиздин жетекчилиги астында ар тармакта өнүгүп келе жатат»,-деди.

Министр Чавушоглу Тажикстандагы жолугушууларынын алкагында Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар