Тышкы иштер министри Чавушоглу Тажикстанда

Бул тууралуу Мевлүт Чавушоглу өзүнүн Твиттер эсебинен маалымат бөлүштү.

1609999
Тышкы иштер министри Чавушоглу Тажикстанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Тажикстандын жана Ооганстандын теңтөрагалыгында өтө турган Азиянын жүрөгү-Стамбул процесси боюнча 9-министрлер конференциясына катышуу үчүн Тажикстанга барды.

Мевлүт Чавушоглу өзүнүн Твиттер эсебинде бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Биз эки тараптуу мамилелерди жана Азиянын жүрөгү-Стамбул процесси 9-министрлер конференциясын талкуулоо үчүн дос жана боордош Тажикстанга келдик»,-деди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сапардын 28-30-март күндөрү болору жана ушул алкакта Чавушоглунун тажик кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуусу белгиленди.

Билдирүүдө Чавушоглунун Тажикстандын президенти Имомали Рахман тарабынан дагы кабыл алынышы күтүлгөнү белгиленди.

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин бардык аспектилерин талкуулоо жана аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылып жаткандыгы белгиленип, Азиянын жүрөгү-Стамбул процессиндеги 9-министрлер конференциясы 30-мартта өтө турганы кабарланды.



Тектеш кабарлар