Эрдоган Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата кайрылуу жасады

Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан жазуу түрүнрдө билдирүү жасалды.

1609834
Эрдоган Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган 27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эрдоган өз кайрылуусунда театр өткөн мезгилден тартып жашоо жана адамдар жөнүндө бардык нерселерди сахналаштырып жатканда көрүүчүлөр менен актерду бир чатырдын астына бирдей сезим менен топтогон таасирдүү искусство бутактарынын бири экендигин баса белгиледи.

Бай театр топтомуна ээ болгон Түркияда дагы бардык курактагы жана ар кайсы катмардан театрга күчтүү кызыгууну көрүп кубангандарын билдирген президент Эрдогандын, кызматка жаңы келишкенде 23 мамлекеттик театрлардагы сахна санын 77ге көбөйтүп жатканда, колдоого алынган жеке менчик театр санын да 59дан 328ге жеткиргендерин билдирди.

Эрдоган, өзүнүн кайрылуусунда: «Мен биздин театрдын артисттерин, кызматкерлерин жана искусство сүйүүчүлөрүн Бүткүл дүйнөлүк театр күнү менен куттуктайм жана бардык жарандарыма чын жүрөктөн чыккан сезимдерим менен салам жолдойм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар