Спрей түрүндө колдонулган 'Intranasal Covid' вакцинасынын артыкчылыктары

Проф. др. Мехмет Жейхан 'Intranasal Covid' вакцинасына байланыштуу билдирүү жасады.

1609516
Спрей түрүндө колдонулган 'Intranasal Covid' вакцинасынын артыкчылыктары

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа түрк илимпоздорунун демилгеси менен Фаза-1 изилдөөлөрүнүн башталаарын жарыялаган мурунга спрей түрүндө колдонулган 'Intranasal Covid' вакцинасы кызыгуу жаратты.

Проф. др. Мехмет Жейхан 'Intranasal Covid' вакцинасына байланыштуу билдирүү жасады.

Пандемиялык вакциналардагы биринчи максат эпидемияны токтотуу экендигин айткан Жейхан, пандемияны токтотуунун эң оңой жолунун да жуктурууну алдын алуу экенин билдирди.

«Жакынкы мезгилде жугууну алдын алуучу вакцинанын бирден бир талапкери "Intranasal Covid" вакцинасы болушу мүмкүн» деген Жейхан: «Пандемияга каршы вакцинанын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү - оңой табылат, оңой чыгарылат жана узак убакытка чейин созулат. Ошондуктан биз колдонуп жаткан вакциналардын көпчүлүгүндө мындай өзгөчөлүктөр жок», - деди.

«Интраназалдык вакциналарды иштеп чыгарган компаниялар менен өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр уланып жатат, ийгиликтүү вакцина чыкса азыртадан байланыштарды түзүүгө аракет кылышууда» деген профессор доктор Жейхан, Intranasal Covid вакцинасынын артыкчылыктары жөнүндө: «Аны бөлмө температурасында ташып, сактоого болот. Мурундан берилгендиктен вирустун организмге түз киришине тоскоол болот. Берки вакциналар кан клеткаларына жетмейинче эч кандай таасир бербейт. Ошондуктан эмделген адамдардын вирусту алып башкаларга жуктурушун да алдын алат. Бул буга чейин жасалган вакциналар менен жетишилген нерсе эмес. Колдонуу өтө оңой, ал тургай адам аны өз мурдуна өзү чача алат.

Вакцинага күмөн саноону азайтат; көптөгөн адамдар ийне сайдыргандан коркуп эмдөөдөн өтүүнү каалашпайт, бул аны жоет. Эгерде жетиштүү көлөмдө өндүрүлсө кыска убакыттын ичинде өтө көп адам эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Медициналык мекемеге барып колуңуздагы спрей менен оңой эле бардыгын эмдеп алсаңыз болот. Бир доза түрүндө гана эмделет.

Бирок 7-8 айга чейин Intranasal Covid вакцинасын өндүрүү мүмкүн эмес.



Тектеш кабарлар