Президент Эрдоган Катардын тышкы иштер министрин кабыл алды
Стамбулдагы Вахдеттин сарайында басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу 1 саат 45 мүнөткө созулду.
1609677
Президент Режеп Таййип Эрдоган Катардын тышкы иштер министри Мухаммед Бин Абдуррахман Аль Санини кабыл алды.
Стамбулдагы Вахдеттин сарайында басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу 1 саат 45 мүнөткө созулду.
Жолугушууда Түркия менен Катардын ортосундагы соода көлөмүнүн көбөйүшү, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү, коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү, аймактык жана эл аралык абалдарга баа берилди.