Ички иштер министри немис кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө терроризмге каршы күрөш, иммиграция жана коопсуздук маселелери, ошондой эле Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүү процесси талкууланды.

1609680
Ички иштер министри  немис кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.  Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, терроризмге каршы күрөш, иммиграция жана коопсуздук маселелери, ошондой эле Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүү процесси талкууланды.

Жолугушууда министр Сойлу менен Зеехофер эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы карым  - катнашты өркүндөтүп, кийинки процесстерде  сүйлөшүүлөрдү  улантуу боюнча бирдей пикирге барышкандары билдирилди.  



Тектеш кабарлар