Ибрахим Калын АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Халилзад менен жолугушту

Жыйынга АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилд дагы катышты.

1609595
Ибрахим Калын АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Халилзад менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Президенттиктин Долмабахчедеги кеңсесинде өткөрүлгөн жолугушуу учурунда Афганистандагы акыркы кырдаал жана Стамбулда Түркия тарабынан өткөрүлүшү пландаштырылган Афганистан тынчтык процесси каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түркияда өтө турган жыйындын, Дохада Афганистан өкмөтү менен Талибандын өкүлдөрүнүн ортосунда жүргүзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоо көрсөтүү мүнөзүндө болору белгиленди. Стамбулдагы жыйын Афганистандагы тынчтык жараянына жаңы дем берет деген үмүт айтылды.

Афганистанда туруктуу тынчтыктын ар тараптуу, кеңири негиздүү жана туруктуу саясий чечимдин жардамы менен мүмкүн экени белгиленди. "Дос жана боордош" Афганистанда орнотула турган тынчтык чөйрөсүнүн аймактын тынчтыгына, туруктуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошо турганы айтылды. Түркиянын буга чейин болгону сыяктуу эле мындан ары да ооган элинин жанында болоору баса белгиленди.

Жыйынга АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилд дагы катышты.



Тектеш кабарлар