Челик Макронго каршылык көрсөттү

Челик: «Макрондун Түркияны, "Диянет" уюмубузду жана түрк элин өкүлдүк кылган коомдорду бутага алышы кабыл алынгыс»

1609641
Челик Макронго каршылык көрсөттү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Түркияга карата билдирүүлөрүнө катуу каршылык көрсөттү.

Твиттерден билдирүү жасаган Челик: «Франция менен чын ыкластуу жана конструктивдүү диалог түзүүнү каалайбыз. Бирок Макрондун Түркияны, "Диянет" уюмубузду жана түрк элин өкүлдүк кылган коомдорду бутага алышы кабыл алынгыс», деди.

«Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын Франциянын президенти менен акыркы сүйлөшүүсүндө эки тараптуу мамилелердеги позитивдүү күн тартибине көңүл бурууга бел байланган. Тилекке каршы Макрондун акыркы билдирүүлөрү менен ушул сызыктан чыгып кеткенин көрүп жатабыз» деген Челик: «Биз Түркия-Франция карым-катнаштарына маани беребиз. Позитивдүү күн тартибине багыт алуу бардыгына пайда алып келет», деди.



Тектеш кабарлар