Билал Эрдоган : Мусулмандар батыш дүйнөсүндө кездешкен кыйынчылыктарга каршы биригүүсү керек"

Стамбул Сабахаттин Заим университетинин жетекчилигинде өткөрүлгөн «3 -  Эл аралык исламофобия конференциясы» дүйнөнүн бир топ жеринен окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн катышуусу менен башталды.

1609462
Билал Эрдоган : Мусулмандар батыш дүйнөсүндө кездешкен кыйынчылыктарга каршы биригүүсү керек"

Илимди жайылтуу фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Билал Эрдоган мусулмандардын өзгөчө батыш дүйнөсүндө беттешкен кыйынчылыктарга каршы  биригүүлөрү керектигин белгиледи.

Стамбул Сабахаттин Заим университетинин жетекчилигинде өткөрүлгөн «3 -  Эл аралык исламофобия конференциясы» дүйнөнүн бир топ жеринен окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн катышуусу менен башталды.

Ковид  - 19  эпидемиясына карата көрүлгөн чаралардан улам бул жылы онлайн режимде өткөрүлгөн конференциянын ачылуу отурумунда сөз сүйлөгөн Билал Эрдоган дүйнөлүк масштабда мезгилдин мусулмандар үчүн чындыгында олуттуу экендигин белгиледи.

Конференциянын катышуучуларынан «Исламофобия» сөзүн колдонулушун изилдөөлөрүн каалаган Билал Эрдоган «Исламофобиянын» ордуна "мусулмандарга каршы экстремизм" же "антиисламдык экстремизм" сыяктуу сөздөрдү колдонуунун туура болоруна көңүлдөрдү бурду.

Мусулмандардын биримдик болушунда  кемчиликтердин бар экендигине көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Батыш дүйнөсүндө адилетсиздиктер менен бетме  - бет келген мусулман боордошторубузду колдошубуз керек»,- деди.

9 панел өткөрүлө турган конференция 30 -  мартка чейин улантылат.



Тектеш кабарлар