Байден Эрдоганга кат жолдоду

Байден Эрдоганды саммитке чакырды.

1609375
Байден Эрдоганга кат жолдоду

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байден президент Режеп Таййип Эрдоганды 22-23-апрелде боло турган Лидерлердин Климаттык саммитине чакырды.

Байден өзүнүн чакыруусун президент Эрдоганга жөнөткөн каты менен билдирди.

Американын президенти катында айрыкча коронавирустан (Ковид-19) таасирленген түрк жарандарынын, үй-бүлөлөрүнүн жана жалпы элдин кайгысын тең бөлүшкөнүн жазды.

Ошондой эле Жо Байдендин жетекчилигинен онлайн режиминде өтө турган Лидерлердин Климаттык саммитине байланыштуу билдирүүсүндө, Байдендин Эрдогандан тышкары орус кесиптеши Путин жана кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен катар 40 мамлекеттин лидерлерине чакыруу жөнөткөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө лидерлердин саммитинде, климаттын өзгөрүшүнө каршы күчтүү күрөштүн шашылыштыгына жана экономикалык пайдаларына басым жасала тургандыгы айтылып: «Глазгодо, ноябрда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын алдында, бул саммит маанилүү этап болот», деп баа берилди.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2017-жылдын июнь айында АКШнын Париж Климаттык келишиминен чыгарын жарыялаган жана 2019-жылдын 4-ноябрында келишимден расмий түрдө чыккан.

Байдендин январь айында бийликке келиши менен Вашингтон келишимге кайрадан кошулган болчу.



Тектеш кабарлар