Түркия Лимасолдогу мечитке болгон кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Лимасол шаарына караштуу Эпископи айылындагы мечитке болгон кечээки кол салуунун катуу айыпталгандыгы белгиленди.

1608997
Түркия Лимасолдогу мечитке болгон кол салууну айыптады

Түркия, Түштүк Кипр Румдагы мечитке жасалган кол салууну кескин айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Лимасол шаарына караштуу Эпископи айылындагы мечитке болгон кечээки кол салуунун катуу айыпталгандыгы белгиленди.

Кол салууга байланыштуу "чагымчыл кыймыл" деп мүнөздөлгөн билдирүүдө: «Кипр маселесин чечүүгө багытталган аракеттер тыгыздашкан мезгилде жасалган мындай чагымчыл кыймылдар эки элдин ортосунда ишенимди орнотууга жардам бербей тургандыгы анык», деп сереп салынды.

Билдирүүдө ошондой эле: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын, окуяга күнөөлүүлөр тез арада аныкталып жоопко тартылышы керек деген чакырыгына кошулабыз жана биз мындай окуялардын кайталанбашы үчүн маселенин кылдаттык менен териштирилишин күтөбүз» деген чакырык айтылды.



Тектеш кабарлар