Түркия Европа Биримдигинин билдирүүсүнө карата иаалымат жарыялады

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин видеоконференция ыкмасы менен өткөргөн саммитиндеги декларациянын Түркия тууралуу бөлүгүнө карышлык көрсөтүлдү.

1608956
Түркия Европа Биримдигинин билдирүүсүнө карата иаалымат жарыялады

 Түркия Европа Биримдиги саммитинин жыйынтыктоочу декларациясында  негиз кылып алынган отчеттун бир канча мүчө өлкөнүн тар көз караштагы ойлорунун таасири астында жана Түркия  -  Европа Биримдиги карым  - катнаштарына бир тараптуу көз караш менен жазылгандыгын билдирди.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин видеоконференция ыкмасы менен өткөргөн саммитиндеги декларациянын Түркия тууралуу бөлүгүнө карышлык көрсөтүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүү тууралуу жарыялаган маалыматында булар орун алды : «Европа Биримдигинин жыйынтык декларациясында негиз кылып алынган Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары, Европа Биримдигинин тышкы карым- катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Борелл жана Европа Биримдиги Комиссиясы тарабынан даярдалган «Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда саясий, экономикалык жана соода карым- катнаштарынын абалы» деген темадагы отчеттунбаа берүү бөлүгүндө оң күн тартибинин негизи баса белгиленген болсо да бир канча мүчө өлкөнүн тар көз караштагы ойлорунун таасиринде жана Түркия-Европа Биримдиги карым- катнаштарына бир тараптуу көз караш менен жазылгандыгы байкалууда. Муну менен бирге Түркия-Европа Биримдиги карым- катнаштарын оң күн тартибинин негизинде алдыга жылдыруу тууралуу отчет менен ортого чыгарылган аракетти жана саммит декларациясына чагылдырылууга аракет кылынышын кубаттайбыз.

Сүйлөшүп жаткан талапкер өлкө катары Европа Биримдиги менен карым- катнаштарыбызды мүчөлүк максатынын негизинде, кызматташуу жана өз ара пайдалуулуктун негизинде өнүктүрүүнү биз да чын көңүлдөн каалайбыз. Чыңалуунун азайтылышы менен диалог каналдарынын кайрадан иштей турган абалга келтирилиши Түркиянын жана сезимталдуу бир топ Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн аракеттери менен мүмкүн болду. Ушунун негизинде Европа Биримдиги тарабынан оң күн тартиптин негизинде так жана структуралык кадамдардын ташталышын күтүүдөбүз. Бул кадамдардын саммиттин декларациясында шарттарга байланыштырылышы, бир гана белгилүү тармактарга токтолуу жана июнь айына кечеңдетилиши оң динамиканын жок болушуна алып келбейт деп ишенебиз.

18 -марттагы консенсустун миграция тууралуу кызматташуу менен бирге бардык элементтеринин жаңыланып ишке ашырылышы үчүн Европа Биримдиги менен иштегенге даяр экендигибизге жана бул тууралуу так сунуштарды киргизгенибизге карабастан Европа Биримдигинин консенсустун кенен мазмунун көрбөстүккө салып, тандоо менен иштеп жана бүдөмүк билдирүлөрдү берүүгө мажбур болушу, бирдикте глобалдык актерго айландырууну каалаган Европа Биримдиги үчүн алсыз кадам катары калды.

Укуктун үстөмдүгү жана негизги укуктар тармагында диалог эмес, кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында бөлүмдөр боюнча иш алып баруу керек деп ойлойбуз. Бул алкакта Европа Биримдигинин 23- жана 24 - бөлүмдөрүн жаңы кеңейүү стратегиясынын алкагына да ылайык ачышын күтүп жатабыз.

Түркия Ливия, Сирия, Түштүк Кавказия сыяктуу регионалдык кризистердин чечилиши багытындагы аракеттерин улантат. Бул темаларда Европа Биримдиги менен кызматташуу, регионалдык тынчтык жана туруктуулуктун күчтөндүрүлүшү менен кызыкчылыктарыбыздын алдыга жылдырылышына салым кошот. Бул жактан алып караганда бир гана регионалдык темаларда жана саламаттыкты сактоодо гана эмес, экономика, энергетика, транспорт, терроризмге каршы күрөш, миграция сыяктуу жалпы кызыкчылыктарыбызга кызмат кылган бардык тармактарда жогорку деңгээлдеги диалог механизмдерин тез арада ишке киргизүүнү жактайбыз.

Грек-рум тарабынын максималисттик мамилесин жана бир тараптуу чагымчыл иш-аракеттерин көрмөксөнгө салган же Европа Биримдиги тилектештигинин духу менен тоскоолдук кыла албаган Европа Биримдигинин өлкөбүздүн жана Түрк Республикасынын бургулоо иштерин мыйзамсыз деп эсептеши эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Европа Биримдигинин бул тууралуу жоопкерчилиги жок. Ал эми Кипр боюнча билдирүүлөр Рум тарабынын кызыкчылыгын коргогон тексттер жана мүмкүн болгон элдешүүгө салымын кошпойт. Декларацияда Кипр түрктөрүнө жана алардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарына дагы бир жолу көңүл бурулбаганы, Европа Биримдигинин Кипрге карата бир тараптуу жана калыс болбогон мамилесинин уланып жаткандыгын көрсөтүүдө.

Европа Биримдигинин жалпы кызыкчылыктарыбызга карай таштай турган оң кадамдарына талапкер Түркия тарабынан оң кадамдар менен жооп берилет».



Тектеш кабарлар