Түркиянын Багдаддагы элчиси Ирактын улуттук коосуздук кеңешинин катчысы менен жолукту

Бул тууралуу Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз Твиттер эсебинен маалымат бөлүштү.

1608211
Түркиянын Багдаддагы элчиси Ирактын улуттук коосуздук кеңешинин катчысы менен жолукту

Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз, Ирактын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Касым Аражи менен жикчил террордук уюм ПККга каршы күрөштү талкуулады.

Йылдыз өзүнүн Твиттер эсебинде жасаган билдирүүсүндө Ирактын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Аражи менен жолукканы жөнүндө маалымат бөлүштү.

Элчи Йылдыз, «Өлкөбүздүн бир гана Түркия жагынан эмес, Ирактын жана аймактын ырааттуулугу жагынан коркунуч туудурган ПККга каршы күрөшүүдөгү жана бул алкакта Ирак менен кызматташтык темасында чечкиндүү экендигин баса белгиледим»,-деп жазды.

 



Тектеш кабарлар