Түркиядан Францияга каршылык көрсөтүлдү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, мурда күнү кечинде Франциянын мамлекеттик France 5 каналынан көрсөтүлгөн программага катуу каршылык көрсөттү.

1607956
Түркиядан Францияга каршылык көрсөтүлдү

Түркия, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун президент Режеп Таййип Эрдоганга карата айыптоо билдирүүлөрүнүн бактысыз жана негизсиз экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, мурда күнү кечинде Франциянын мамлекеттик France 5 каналынан көрсөтүлгөн программага катуу каршылык көрсөттү.

 Аксойдун билдирүүсү төмөнкүдөй: «Биз Франциянын президенти Эммануэль Макрондун биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерине каршы келген, программанын атайын коюлган суроолоруна берген жоопторун кабыл алынгыс деп эсептейбиз.

Түркия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Сирия жана Ливия маселелери боюнча эл аралык укуктан келип чыккан мыйзамга негизделген саясат жүргүзүүдө.

Европа Биримдигинин (ЕБ) саммитине чейин атайын даярдалган жана «Европалык Түркия» чындыгына зыян тийгизүүгө багытталган берүүнүн жана бул негизсиз дооматтардын максатына жетпей турганы ачык көрүнүп турат.

Түркия керек болсо жүргүзгөн регионалдык саясаты менен, керек болсо мүчө мамлекеттер менен түзгөн тыгыз эки тараптуу карым-катнаштары менен Европа континенти, НАТО жана трансатлантикалык мамилелерде жигердүү болууну жана (буларга) эң чоң салымын кошууну уланта берет.

Экинчи жагынан, Макрон мырзанын, «Түркиянын Франциядагы ички саясатка келечекте боло турган шайлоо аркылуу кийлигише турганы» жагдайында акыркы чечим менен койгон дооматтарын да, ошондой эле өлкөдө жашаган чет өлкөлүк жамааттарды обочолонтуучу мамилесин да айыптайбыз жана биз бул жагынан кооптуу деп эсептейбиз.

Түркиянын ал өлкөдө жашаган түрк коомчулугунун болжол менен 800 миң тургунунун өлкөнүн гүлдөп-өсүшү, тынчтык жана ынтымагына шыктандыруудан тышкары Франциянын ички саясаты жөнүндө күн тартиби жок. Ал эми, Франциянын дагы Түркия темасын айрыкча шайлоо алдындагы мезгилде ички саясий дебаттарды жүргүзүүгө колдонбоосун талап кылуу да биздин эң мыйзамдуу күтүүлөрүбүз болуп саналат.

Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердеги чыңалуунун ордун жайбаракаттык жана достукка алмаштыруу үчүн кадам таштаган ушул мезгилде Макрон мырзанын бул билдирүүлөрүн бактысыз жана негизсиз деп ойлойбуз. Франция менен болгон акыркы көйгөйлөрдүн түпкүрүндө ушул кайдыгерлик жана негизсиздик жатат. Франциянын бул мезгилде көрсөтө турган позитивдүү же терс мамилелери жана дискурстары, Түркия тарабынан ушундай эле жол менен жообун ала турганын эске салабыз».



Тектеш кабарлар