Парламент төрагасы Шентоп терроризм менен күрөшүүгө басым жасады

Шентоптун карамагында Антальяда уюштурулган «Терроризмге каршы күрөшүү жана аймактык байланышты чыңдоо боюнча төртүнчү парламент төрагаларынын конференциясы» башталды.

1608464
Парламент төрагасы Шентоп терроризм менен күрөшүүгө басым жасады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, терроризмге каршы күрөшүү ар ким үчүн күн тартибиндеги маанилүү маселе болуп калгандыгын айтты.

Шентоптун карамагында Антальяда уюштурулган «Терроризмге каршы күрөшүү жана аймактык байланышты чыңдоо боюнча төртүнчү парламент төрагаларынын конференциясы» башталды.

Менин террордук уюмум «жакшы», силердин террористтик уюмуңар «жаман» деген түшүнүктүн кабыл алынгыс экендигине көңүл бурган Шентоп,  терроризмдин бардык түрлөрүнө жана формаларына каршы күрөш бирдей чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Бул татаал жана чырмалышкан күрөштө кош стандарттардан алыс болуу керектигин айткан Мустафа Шентоп, «Террористтик уюм башка террордук уюмга каршы күрөштө өнөктөш боло албайт. Себеби террордук уюмдардын арасында тандалма саясат жүргүзүү биздин жалпы коопсуздук үчүн терс кесепеттерге алып келери анык»,-деди.

Түркия ошол эле учурда ПКК / ПЙД / ЙПГ, ФЕТӨ, ДЕАШ жана Аль-Каида сыяктуу көп сандаган террордук уюмга каршы күрөшүп жатканын түшүндүргөн парламенттин төрагасы Шентоп, эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка чоң коркунуч деп эсептелген терроризмдин бардык түрлөрү жана көрүнүштөрү  Түркия үчүн узак убакыттан бери коркунуч жана тынчсызданууну жараткандыгын билдирди.

Шентоп, эч ажыратпастан ар кандай террордук кыймылдарга жана уюмдарга каршы күрөштү чечкиндүү улантып жатышкандыгына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар