Марска бара турчу Алисса Карсон ТРТнын программасына катышты

17 жашында учкуч наамын алган Карсон, космонавт болом деген жолдо кыялдарын кандайча орундаткандыгын айтып берди.

1608534
Марска бара турчу Алисса Карсон ТРТнын программасына катышты

Келечектин Марс жүргүнчүсү Алисса Карсон, ТРТнын Балдар экранында жарыяланган "Кабарың болсун" программасына катышты.

ТРТнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түркиянын биринчи жана жалгыз балдарга арналган "Кабарың болсун" программасы, НАСА (Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук аэронация жана космос агентиги) тарабынан Марска сапар үчүн машыктырылган Алисса Карсон менен маектешти.

Америка Кошмо Штаттарынан Түркияга байланышкан жаш учкуч, космос тармагындагы өнүгүүлөрдү түшүндүрдү.

17 жашында учкуч наамын алган Карсон, космонавт болом деген жолдо кыялдарын кандайча орундаткандыгын айтып берди.

Бала кезден берки эң чоң кыялынын бир күнү Марска баруу экенин белгилеген Карсон, Түркиядагы космоско кызыккан балдарга өз сунушун айтты.

Карсон ошондой эле көрүүчүлөрдүн суроолоруна да жооп берди.



Тектеш кабарлар