Кытайлык министр Анкарада жолугушууларды өткөрүүдө

Чавушоглу менен Ван И Тышкы иштер министрлигинде бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

1608474
Кытайлык министр Анкарада жолугушууларды өткөрүүдө

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия-Кытай карым-катнаштарын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүүнү каалагандарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен борбор шаар Анкарада жолугушту.

Чавушоглу менен Ван И Тышкы иштер министрлигинде бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

Делегациялар аралык жолугушуудан мурда кыскача сөз сүйлөгөн Чавушоглу, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Түркияга сапар жасай турган болушуна кубана тургандарын, ушул алкакта карым-катнаштарды ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүүнү каалагандарын айтты.

Чавушоглу тышкы иштер министрлеринин кеңешүү механизми жыйынынын да кийинчерээк комплекстүү боло турганы жөнүндө маалымат бөлүштү.

Чавушоглу менен Ван И андан кийин коронавирустук вакцина тармагында Түркия менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты көрсөткөн фотосүрөт көргөзмөсүн кыдырышты.

Ван И президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан да кабыл алынат.



Тектеш кабарлар