«Сирия сириялыктар башкарган бир жер болгонго чейин аракетибизди улантабыз»

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Африка,  Азия жана Европанын жүрөгүндө орун алган бир өлкө катары чыгышка да батышка да артын салуу мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин айтты.

1607800

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын да лидери  болгон Эрдоган  борбор шаар Анкарада партиясынын кезектеги  7 -  Улуу Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө алдыбыздагы мезгилде досторунун санын көбөйтүп, карама  - каршылыктарды жок кылып, Түркия ичинде болгон аймакты тынчтык аралына айландырууда чечкиндүү экендерин белгиледи.

«Сирия сириялыктар башкарган бир жер болгонго чейин аракетибизди улантабыз»,- деген Эрдоган Сирия калкынын жанында болууну улантышарын билдирди.

Эрдоган Түркиянын берген колдоосу менен бүгүн Ливиянын кайрадан келечекке үмүттүү карай алгандыгын,  демократиялык процесстерди жүргүзө алгандыгын айтты.

АКШдан Россияга, Европа Биримдигинен арап географиясына чейин бардык өлкөлөр менен карым  - катнаштарын, Түркиянын кызыкчылыктарын жана элдин күтүүлөрүнүн негизинде калыбына келтирүүнү улантышарын баса белгилеген президент Эрдоган  : «Африка, Азия жана Европанын жүрөгүндө орун алган өлкө катары  чыгышка да батышка да артыбызды сала турган мүмкүнчүлүгүбүз жок»,- деди.

Тектеш кабарлар