Президент Эрдоган : "Диярбакыр энелерин барып көрөбүз"

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган Кезектеги  7 -  Улуу Конгресске катышуу үчүн барган Анкара  спорт залында тышта күткөн партиянын жактоочуларына кайрылды.

1607512
Президент Эрдоган : "Диярбакыр энелерин барып көрөбүз"

Президент Р. Т. Эрдоган балдарын ПКК жикчил террордук уюм  уурдаган Диярбакырдын көзү жаштуу энелерине барарын билдирди.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган кезектеги  7 -  Улуу Конгресске катышуу үчүн барган Анкара  спорт залында тышта күткөн партиянын жактоочуларына кайрылды.

Эрдоган кайрылуусунда партиясынын катталган мүчө саны 13 миллион 500 000ге жеткендигин баса белгиледи жана : «Түркия мындай турсун дүйнөдө мындай  саясий партия жок»,- деди.

Сөзүндө балдары ПКК тарабынан уурдалган Диярбакыр энелерине токтолгон Эрдоган : «Диярбакырдагы көзү жаштуу энелерибизди жеке өзүм барып көрөмүн»,- деди.



Тектеш кабарлар