Эрдоган кайрадан АК Партиянын төрагасы болуп шайланды

Анкара Спорт ордосунда өткөн АК Партиянын 7-кезектеги Чоң Курултайында партиянын төрагасын шайлоо жыйынтыкталды.

1607814
Эрдоган кайрадан АК Партиянын төрагасы болуп шайланды

Президент Режеп Таййип Эрдоган 7-кезектеги Чоң Курултайда 1428 добуштун бардыгын алып, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы болуп кайрадан шайланды.

Анкара Спорт ордосунда өткөн АК Партиянын 7-кезектеги Чоң Курултайында партиянын төрагасын шайлоо жыйынтыкталды.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 1431 добуш берилип, 1428 добуш жарактуу, 3 добуш жараксыз деп табылды.

Президент жана АК Партиянын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган 1428 добуштун бардыгын алып, кайрадан АК партиянын төрагасы болуп шайланды.

Партиянын 75 мүчөдөн турган Борбордук чечим жана башкаруу кеңеши да бирдей добуш менен аныкталды.

Эрдоган өзүнүн ыраазычылык сөзүндө, «Мени дагы бир жолу төрагалыкка татыктуу деп эсептегениңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем»,-деди.

Президент Эрдоган: « (Улуттук Кыймыл партиясы (МХП) менен биргелешип түзүлгөн) Жумхур альянсы-бул иш үстөлү союзу эмес, жүрөктөрдүн макулдугу»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар