Эрдоган АК партиянын 2023-жылдагы шайлоо манифестин жарыялайт
Адилеттик жана өнүгүү партиясында (АК партия) бүгүн 7-кезектеги чоң курултай өтөт.
Адилеттик жана өнүгүү партиясында (АК партия) бүгүн 7-кезектеги чоң курултай өтөт.
Президент жана АК партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Анкара спорт залында боло турган конгрессте партиясынын 2023-жылдагы шайлоо манифестин жарыялайт. Ал партия мүчөлөрүнө кайрылып, уюмдан күтүүлөрүн билдирмекчи. Курултайда Борбордук чечим жана башкаруу кеңеши дагы өзгөртүлөт.
АК партиядан 11 саясий партияга чоң курултайга чакыруулар жөнөтүлдү. Курултайдын урааны «Түркия үчүн коопсуздук жана туруктуулук» деп белгиленди.
Жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу курултайга чет өлкөдөн коноктор чакырылбастан, чектелген санда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, майыптар менен ардагерлер жана шейиттердин жакындары чакырылды. .
Ошондой эле, Курултайда атайын ыр жана 3 жарнамалык фильм тартууланат.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.