Чавушоглу француз кесиптеши менен жолукту

Жолугушуу тууралуу социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

1607168
Чавушоглу француз кесиптеши менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселде Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен жолугушту.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жүргөн Чавушоглу, социалдык тармактагы баракчасындагы постунда француз кесиптеши Ле Дриан менен жолугушканын айтты.

Министр Чавушоглу: «Биз Экономикалык жана соодалык биргелешкен комиссиянын жыйыны менен Бизнес форумун өткөрөбүз. Сирия жана Ливия баш болгон аймактык маселелер боюнча кеңешүүлөрүбүз улантылат»,- деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар