ТРТ World форумунда "Брексит жана Европа Биримдигинин келечеги" темасы талкууланат

Отурум ТРТ World формунун YouTube (@trtwordlforum), Facebook (@trtwordlforum), Twitter (@trtwordlforum) эсептеринен түз эфирде өткөрүлөт.

1606601
ТРТ World форумунда "Брексит жана Европа Биримдигинин келечеги" темасы талкууланат

ТРТ World форуму тарабынан уюштурулган "Санариптик талкуулар" сериясынын эртеңки отурумунда өз тармагында адис  коноктор "Брексит жана Европа Биримдигинин келечеги" темасын талкуулашат.

Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясы ТРТ тарабынан берилген маалыматка караганда эртең Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө баштала турган «Санариптик  талкуулар» отурумунда Брекситтин Европа Биримдигинин ички динамикаларына кандай таасир бергендиги жана Европа Биримдигинин Европа тышындагы ролунун Брекситтен кандай таасирленери талкууланат.

Европа прогрессти изилдөө фондунун башкы катчысы Ласло Андор жана Ланкастер университетинин окутуучусу Марк Гарнетт катыша турган отурумду Мармара университетинин социология бөлүмүнүн окутуусу жана TRT World  изилдөөлөр борборунун мүчөсү Талип Күчүкжан башкарат.

Отурум ТРТ World формунун YouTube (@trtwordlforum), Facebook (@trtwordlforum), Twitter (@trtwordlforum) эсептеринен түз эфирде өткөрүлөт.

Суроо жооп бөлүгүндө көрүүчүлөр конкотрго суроолорду бере алышат.



Тектеш кабарлар