Чавушоглу: «Позитивдүү күн тартибин улантуу үчүн Боррелль менен чогуу иштейбиз»

Чавушоглу Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Боррелль менен кечки сый тамакта жолугушту.

1606401
Чавушоглу: «Позитивдүү күн тартибин улантуу үчүн Боррелль менен чогуу иштейбиз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы позитивдүү күн тартибин улантуу үчүн Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль менен иштеше тургандарын айтты.

Чавушоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Боррелль менен кечки сый тамакта жолугушту.

Жолугушууга байланыштуу социалдык медиа баракчасынан баа берген Чавушоглу: «Биз позитивдүү күн тартибин улантуу үчүн Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Боррелль менен биргеликте иштейбиз»,-деп айтты.

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы Бажы биримдигинин жаңылануусу, виза эркиндиги, мыйзамсыз миграция жана терроризмге каршы күрөштө дагы көбүрөөк кызматташтыктын керектигин билдирген Чавушоглу, Сирия, Афганистан жана Ливия менен катар аймактык маселелерди да талкуулашканын айтты.



Тектеш кабарлар