Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер Өзбекстанга барды

Гүлерди Өзбекстандын коргоо министрлик имаратынын алдында министрлик жана башкы штабдын төрагасынын жогорку мартабалуу жетекчилери тосуп алды.

1607052
Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер Өзбекстанга барды

Башкы штабдын төрагасы, генерал Яшар Гүлер расмий сапар үчүн барган Өзбекстанда башкы штабдын төрагасы, генерал  -  майор Шухрат Халмухаммедов менен жолугушту. Гүлерди Өзбекстандын коргоо министрлик имаратынын алдында министрлик жана башкы штабдын төрагасынын жогорку мартабалуу жетекчилери тосуп алды. Андан кийин Гүлер Өзбекстанда башкы штабдын төрагасы, генерал  -  майор Шухрат Халмухаммедов менен жолугушуп, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кызматташуу маселелерин карап чыгышты.

Башкы штабдын төрагасы катары кызматын жаңы башташынан улам Халмухаммедовду куттуктаган Гүлер : « Өзбекстан менен болгон аскердик мамилелерибизди тереңдетүүгө өзгөчө маани беребиз. Куралдуу күчтөрүбүздүн кызматташтыгын машыгуудан жогорку деңгээлдеги сапарларга чейин кеңейтип, мындан ары дагы улантууну каалайбыз. Түрк куралдуу күчтөрү катары ээ болгон бардык аскердик тажрыйбабызды мүмкүн болушунча Өзбекстандын куралуу күчтөрү менен бөлүшүүгө ар дайым даярбыз»,- деди.

Эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнүн ортосундагы биргелешкен аскердик  машыгуулардын, аскердик кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө, өзбек аскерлердин Түркиянын террор менен күрөшүүсүндөгү жогорку тажрыйбаларын жактырышына, өзгөчө түрдүү террордук күрөш тууралуу кызматташуусунун өнүгүшүнө салым кошорун айткан Халмухаммедов да бул сапардын коргонуу тармагындагы кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө кызмат кыларына ишенгендигин баса белгиледи.

Өлкөдөгү жолугушууларынын негизинде өлкөнүн тарыхый Самарканд жана Тирмиз  шаарларында  изилдөө жүргүзө турган Гүлер 25 -  мартта эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү өткөрө турган «Достук  - 2021» өзбек  -  түрк биргелешкен аскердик машыгуусун көрөт.



Тектеш кабарлар