Түркиянын SOLOTÜRK тобу Пакистандын асманын кооздойт

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1605595
Түркиянын SOLOTÜRK тобу Пакистандын асманын кооздойт

Пакистандагы Улуттук күн иш-чараларында Түркиянын аба күчтөрүнүн командачылыгынын демонстрациялык тобу SOLOTÜRK асманда көркөмдөп учуусун көрсөтөт.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, SOLOTÜRK, 23-март шейшемби күнү, дос жана боордош Пакистандын Улуттук күнүнө карата иш-чараларга катышып, көркөмдөп учууларын аткара турганы айтылган.

Билдирүүдө иш-чарага катышкан команда Пакистандын борбор шаары Исламабадга жеткендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар