Түркиянын Кызыл жарым ай коому африкалыктардын суу көйгөйүн чечип берүүдө

Түрк Кызылайы өткөн жылы Уганда, Сенегал, Чад, Нигер жана Сомалиде 27 суу кудугун ачты.

1606151
Түркиянын Кызыл жарым ай коому африкалыктардын суу көйгөйүн чечип берүүдө

Түрк Кызылайы Африкада казган кудуктар менен аймактын элдерине үмүт болууда.

Конго, Замбези, Нигер, Нил дарыялары менен Виктория көлү сыяктуу көлөмү жана потенциалы жагынан дүйнөдөгү саналуу суу ресурстарына ээ болгонуна карабастан Африка Австралиядан кийин дүйнөдөгү эң кургак континент деп эсептелет.

Африкада 60 транс чек аралык дарыя жана 5 ири көл бар болсо дагы, сууну башкаруу жана инфраструктурадагы көйгөйлөр континентти суу маселесине алып келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көрсөткүчтөрү, 2050-жылга чейин калкынын саны 2 миллиардга жетиши мүмкүн деп эсептелген континентте айдоо аянттарынын жарымынан көбүнүн суу көйгөйүнөн улам жок болоорун көрсөтүүдө.

680 миллионго жакын адам жашаган Сахаранын астындагы Африкада калктын 60 пайызы гана таза суу ресурстарына ээ.

Батыш Африкада Атлантика океанынын жээгиндеги Сенегалдын өзгөчө ички бөлүктөрүндө таза суу көйгөйү бар.

Түрк Кызылайы өткөн жылы Уганда, Сенегал, Чад, Нигер жана Сомалиде 27 суу кудугун бургулады.

2021-жылы да 10у Сенегалда болуп жалпы 22 суу кудугун ачуу пландаштырылууда.



Тектеш кабарлар