Өзбекстан - Түркия аскердик машыгуусу башталды

Машыгуу эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуу планынын негизинде өткөрүлүүдө.

1606239
Өзбекстан -  Түркия аскердик машыгуусу башталды

Өзбекстан менен Түркиянын куралдуу күчтөрү катышкан биргелешкен машыгуу башталды.

Өзбекстандын коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Тирмиз шаарындагы аскердик полигондо боло өтө турган өзбек  -  түрк биргелешкен аскердик машыгуу үчүн ачылуу аземи өткөрүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн түрк жана өзбек аскердик жетекчилер биргелешкен машыгуунун мыкты өтөрүн айтышып, катышуучуларга ийгилик каалашты.

Биргелешкен аскердик машыгуунун алкагында эки өлкөнүн аскерлери  15 чакырымдык атайын тактикалык коридордон өтүү,  ок атуу, жакын согушуу жана оор шарттарда тирүү калуу боюнча биргеликет машыгышат. Ошондой эле, катышуучулар биргелешкен спорттук мелдештер менен  атайын тактикалык машыгууларды өткөрүшөт.

Эртең Өзбекстанга расмий иш сапары менен бара турган башкы штабдын төрагасы, генерал Яшар Гүлер 25-мартта биргелешкен машыгууну көрөт .Биргелешкен машыгуу 27 -  мартта аяктайт.

Машыгуу эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуу планынын негизинде өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар