Президент Эрдоган Ноорузга карата өз куттуктоосун жарыялады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген билдирүүгө ылайык, Эрдоган Бүткүл дүйнөлүк Нооруз күнүнө карата кайрылуу жасады.

1605322
Президент Эрдоган Ноорузга карата өз куттуктоосун жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Нооруз алып келген үмүт жана толкундануу менен мындан да гүлдөгөн, адилеттүү жана коопсуз келечек кура тургандарын билдирди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген билдирүүгө ылайык, Эрдоган Бүткүл дүйнөлүк Нооруз күнүнө карата кайрылуу жасады.

Эрдоган өз кайрылуусунда тынчтыктын жана бир туугандыктын символу болгон жаздын жарчысы Невруз күнүн куттуктап: «Миңдеген жылдар бою Борбордук Азиядан Анадолуга жана Балканга чейинки кеңири аймакта шыктануу менен майрамдалып келген Нооруз көрсөткөн биримдик жана тилектештик сезими тамыр жайып, бүтүндөй дүйнө үчүн туруктуу болушун каалайм. Нооруз алып келген үмүт жана толкундануу менен өлкөбүздүн жана аймагыбыздын бүтүндөй адамзат үчүн дагы гүлдөп өнүккөн,  адилеттүү жана коопсуз келечекке карай аялдар, эркектер, жаштар жана аксакалдар менен ийиндеш туруп, түйүн курууну улантабыз. Нооруздун ыйык улутума жана бүтүндөй адамзатка амандык, береке жана сүйүнүчтөрдү алып келүүсүн тилөө менен бардык атуулдарыбызга чын жүрөктөн салам айтамын»,-деди.

 


Этикеткалар: #Нооруз , #Эрдоган

Тектеш кабарлар