Эрдоган Ливиянын жаңы жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүлөрдө, Түркия-Ливия карым-катнаштары жана аймактык абалдарга баа берилди.

1605231
Эрдоган Ливиянын жаңы жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ливиянын Президенттик Кеңешинин төрагасы Мухаммед эл-Менфи жана Ливиянын премьер-министри Абдулхамид аль-Дибейбе менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда сүйлөшүүлөрдө, Түркия-Ливия карым-катнаштары жана аймактык абалдарга баа берилди.

Президент Эрдоган, Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүн Өкүлдөр палатасынан ишеним добушун алгандыгы үчүн куттуктады жана Ливияда туруктуу чечим табуу үмүтү кайрадан жанганын билдирди.

«Ар дайым дос жана боордош Ливиянын эгемендүүлүгү, көзкарандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү жана саясий биримдигинин корголушун негиз кылып алган Түркиянын Ливияга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантаарын» белгилеген  Эрдоган, алдыдагы мезгилде дагы эки өлкөнүн ортосундагы пайдубалы бекем кызматташтыгынын дагы бекемделиши жана биргелешкен  жалпы жетишкендиктер сакталышы керек деп айтты.



Тектеш кабарлар