Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 95 киши көз жумду.

1605212
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 95 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 29 миң 959 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 190 миң 129 тест жасалып, 958 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 21 миң 61 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 18 миң 815 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 807 миң 572ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар