Эрдогандын Путин менен Байденге байланыштуу билдирүүлөрү орус басылмаларында кеңири чагылдырылды

Эрдоган: «Байдендин Путин тууралуу сөздөрү президентке жарашпаган сөздөр» деген болчу.

1605123
Эрдогандын Путин менен Байденге байланыштуу билдирүүлөрү орус басылмаларында кеңири чагылдырылды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосундагы тирешүүгө байланыштуу билдирүүлөрү орус басылмаларында кеңири чагылдырылды.

Орус маалымат каражаттары Эрдогандын Байденди Путин жөнүндө айткан сөздөрү үчүн сынга алгандыгын жазып чыкты.

Россиянын ТАСС маалымат агенттиги "Эрдоган Байдендин Путин жөнүндө айткандарын кабыл алгыс деп айтты" деген макаласында Эрдогандын "Путин Байденге өтө акылдуулук менен жооп берди» деген билдирүүлөрүнө орун берди.

Риа кабар агенттиги болсо "Эрдоган Путиндин Байденге берген жообун абдан жарашыктуу деди" деп билдирип, Эрдогандын Байденди анын билдирүүлөрү үчүн сынга алганын жазды.

«Эрдоган Путин менен Байдендин ортосундагы тирешүүгө баа берди» деп жазган "Коммерсант" гезити да: «Эрдоган: Байдендин Путин тууралуу сөздөрү бир мамлекет башчысына жарашпаган сөздөр» деген тема менен берди.

АКШнын президенти Байден 17-мартта Путинди "канкор" деп атып, Россиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкендиги үчүн "кунун төлөйт" деген эле.

Россиянын президенти Путин болсо Байденге "ден-соолук" каалап: «Башка өлкөгө, мамлекетке, элге же адамдарга баа берүү күзгүгө караганга барабар. Биз ар дайым өзүбүздү ошол жерден көрөбүз» деп жооп берген болчу.



Тектеш кабарлар