Эрдоган Словениянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттин коммуникация башкармалыгынан жасалган билдирүүгө ылайык, Түркия-Словения карым-катнаштарын жакшыртуу маселелери талкууланды.

1605229
Эрдоган Словениянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Словениянын Президенти Борут Пахор менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин коммуникация башкармалыгынан жасалган билдирүүгө ылайык, Түркия-Словения карым-катнаштарын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Түркия менен Словениянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк келишиминин 10 жылдыгында эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарында жакшыргандыгын көрүү менен сыймыктанганын айтты.

Стратегиялык өнөктөштүктүн дагы көптөгөн 10 жылдарга жетиши жана эки тараптуу карым-катнаштарда болгону сыяктуу аймактын тынчтыгы, ыраатуулугу жана өнүгүүсүнө салым кошууну каалаганын айткан президент Эрдоган, Түркия жана  Словениянын акыркы жылдарда ылдамдаган экономикалык жана соода мамилелери абдан чоң потенциялга ээ экендигине ишенгенин айтты.

Словениянын Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүк процессине көрсөткөн принциптүү колдоосуна ыраазычлыгын билдирген Эрдоган,  Словениянын 1-июлдан тарта милдеттене турган  Европа Биримдигинин кезектеги төрагалыгынын да, Түркия-ЕБ карым-катнаштарын илгерилетүү жагынан конкреттүү натыйжаларга өбөлгө түзүшүн каалады.



Тектеш кабарлар