Пентагон Түркияга көңүл айтты

4-мартта Бингөлдө аскердик тик учак кырсыкка учурап 11 аскер шейит кеткен болчу.

1597512
Пентагон Түркияга көңүл айтты

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги (Пентагон), өткөн жумада Битлисте аскердик тик учактын кыйрашынан каза тапкан түрк аскерлерине байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө, өткөн жумада тик учактын кыйрашынан улам аскерлердин каза болушуна Пентагондун катуу капа болгонун белгиледи.

Жон Кирби Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги баракчасына да кошкон бөлүшүүсүндө: «Биз НАТОдогу шериктешибиз Түркияга каза болгон аскерлерге байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», деген сөздөр камтылды.

4-мартта Бингөлдөн учкан аскердик тик учак кырсыкка учурап, тик учактагы аскерлердин 11и шейит болуп, экөө жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар