Түркияда вакцина алгандардын саны 10 миллиондон ашты
Экинчи доза вакцинасын алган 2 миллион 442 353 киши менен жалпы вакцина алган киши саны 10 миллион 12 948ге жетти.
1597221
Түркияда Ковид - 19 менен күрөшүүнүн негизинде биринчи жана экинчи доза вакцинасын алгандардын саны 10 миллиондон ашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин https://covid19asi.saglik.gov.tr адресинде орун алган вакциналоо сандарына караганда биринчи доза вакцинасын алган киши саны 7 миллион 570 596 болду.
Экинчи доза вакцинасын алган 2 миллион 442 353 киши менен жалпы вакцина алган киши саны 10 миллион 12 948ге жетти.
Биринчи жана экинчи доза вакцина алгандардын жалпы саны 3 чоң облуста, Стамбулда 1 миллион 589 160, Анкарада 823 160, Изимрде 669 449 болду.