Президент Р. Т. Эрдоган 11 - Босфор саммитине видеоконференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган акыркы мезгилдерде Түркияга эл аралык капитал киришинин өскөнү байкалгандыгын айтты.

1597273
Президент Р. Т. Эрдоган 11 -  Босфор саммитине видеоконференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган акыркы мезгилдерде Түркияга эл аралык капитал киришинин өскөнү байкалгандыгын айтты.

Президент Эрдоган Эл аралык кызматташтык платформасы уюштурган 11 -  Босфор саммитине видеоконференция аркылуу катышты.

Режеп Таййип Эрдоган Түркия  ишке ашырган экономикалык жана социалдык саясаттар менен Ковид  - 19  эпидемиясынын биринчи жылын эң аз чыгым менен өткөргөн сейрек өлкөлөрдүн бири болгондугун белгиледи.

Эрдоган : «Саламаттык сактоо инфраструктурабыздын күчү менен жарандарыбыздын баарын тесттен  дарылоого чейинки бардык тейлөөсүн акысыз өткөрдүк.  Эң кыйын күндөрү 157 өлкө жана 12 эл аралык мекемеге медициналык жардам бердик»,- деди.  

Өткөн жумада билдирилген өсүү жана экспорт сандарынын Түркиянын бул кыйын процесстеги ийгилигин ортого салгандыгын айткан президент : «Түркия  2020 -  жылы жетишкен 1, 8 пайыздык өсүү катнашы менен Кытайдан кийинки экинчи орунду алды. Өнөр жай өндүрүшү жана экспорт көлөмү жактан да ушундай ийгиликке жетиштик»,- деп билдирди.

Эрдоган : «Акыркы мезгилде өлкөбүзгө эл аралык капиталдын киришинин өскөнүн байкадык. Ушунун негизинде  БУУнун Өнүгүү программасынын менчик сектор борбору ачыктай турган, улантууга боло турган өнүгүү максаттарынын Түркия  инвестор картасы мааниге ээ болууда. Буйруса  бул ылдамдыкты алдыбыздагы мезгилде да улантууда чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар