Калын: «С-400дөр НАТОнун коргонуу тутумуна интеграцияланбайт»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Bloombergге маек берди.

1597123
Калын: «С-400дөр НАТОнун коргонуу тутумуна интеграцияланбайт»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Россиядан сатып алган С-400дөрдүн, НАТОнун коргонуу тутумуна интеграцияланбай турганын айтты.

Ибрахим Калын Bloombergге берген маегинде, Түркия жана Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) бөлгөн үч негизги маселенин АКШнын «ПЙД / ЙПГга (PYD / YPG) көрсөткөн колдоосу, С-400дөр жана CAATSА (АКШнын касташкандары менен санкциялар жолу менен күрөшүү мыйзамы) санкциялары жана ФЕТӨнүн (Фетуллахчы Террордук Уюмунун) корбашчысынын АКШда калышына уруксат берүүсү» экендигин кайталады.

Тилекке каршы, ушул кезге чейин бул маселелерде эч кандай жылыш болбогонун жана кадамдарды ташталбаганын белгилеген Калын, бул көйгөйлөр Түркиянын улуттук коопсуздук санааркоолрунун өзөгүндө турарын баса белгиледи.

Бул маселелердин конструктивдүү диалог аркылуу абдан ачык жана чын ыкластуу сүйлөшүү менен чече ала тургандарына ишенгендерин айткан Калын: «АКШнын саясатчыларынын түшүнүшү керек болгон нерсе, бул маселелер биз үчүн канчалык маанилүү экендиги...»,-деди.

(Россия) С-400 ракетадан коргонуу тутумун сатып алуу чечин Түркиянын бир түн ичинде чыгарбаганына көңүл бурган Калын: «Биздин колубуздагы С-400дөр НАТОнун коргонуу тутумуна интеграцияланбайт жана ошону менен бирге НАТОнун коргонуу тутумуна коркунуч келтире да албайт»,-деп айтты.

Калын экинчи С-400 пакети жөнүндө суроого төмөнкүдөй жооп берди: «Биринчи келишимге байланыштуу процесс жүрүп жатат жана алардын бардыгы бир эле процесстин бөлүгү. Ар кандай баскычтарда бир эле келишимди ишке ашыруу процесси жүрүп жатат».

Түркиянын Патриоттор жана ошондой эле француз-италиялык өнөктөштүк тарабынан чыгарылган SAMP / T ракеталарын да алууну каалаганын айткан Калын: «Бирок, Франция бул процессти Сирияны шылтоолоп бул процесске тоскоол болууну чечти. Бул процессти тездетүү үчүн Франция менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Биз варианттарга эшикти жаппайбыз», -деди.

Президенттиктин катчысы Калын АКШнын жаңы администрациясы менен байланыштар түзүлгөнүн да айтып, «Мен (Президент Жо) Байдендин көптөгөн ички саясат маселелери менен алек экендигин жакшы билем. Биз кесиптештерибиз менен байланыш түздүк жана жакшы башталышка жетиштик, эки президент да сөзссүз жолугушат»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар