УКМ: «Ушул убакка чейинки эң узак аралыкка атуу»

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги тарабынан билдирүү жасалды.

1596747
УКМ: «Ушул убакка чейинки эң узак аралыкка атуу»

Эгей деңизинде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өткөрүлгөн «Көгүлтүр мекен-2021» машыгуусунда Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардан (КУУА) MAM-L ракетасы менен эң узак аралыкка атуу ишке ашты.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан атамекендик жана улуттук курал тутумдарынын жана кемелеринин эффективдүүлүгүн текшерүү, Түрк куралдуу күчтөрүнүн кыймылга даярдык машыгууларынын жасалышы жана Күчтөрдүн ортосундагы биргелешип иштешүү түшүнүгүнүн арттырылышы максатында өткөрүлгөн «Көгүлтүр мекен- 2021» машыгуусуна байланыштуу билдирүү жасалды.

«Көгүлтүр мекен-2021» машыгуусунда Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардан  (КУУА) MAM-L ракетасы менен эң узак аралыкка ок атылганы жарыяланган билдирүүдө,

«Биздин аскер-деңиз күчтөрүбүздүн инвентарындагы TB-2 КУУАдан улуттук каражаттар менен иштелип чыккан / чыгарылган лазердик багыттагы MAM-L ракетасы менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде суу үстүндөгү бутаны таамай атты», делди.



Тектеш кабарлар