Түркиянын жараны Рабия Ширин Түштүк Кореянын ЖМКларында...

Сонгпа районундагы иш борборлорунун биринде болгон окуяда, кол салган адам дааратканага чейин аңдып барып  20 жаш чамасындагы кызды зордуктоого аракет кылган.

1596493
Түркиянын жараны Рабия Ширин Түштүк Кореянын ЖМКларында...

Түштүк Кореянын борбору Сеулда жаш кызды сексуалдык зордук-зомбулуктан куткарып, кол салган адамды кармап, полицияга өткөрүп берген Түркиянын жараны Рабия Ширин өлкөнүн басма сөзүнүн көңүлүн бурду.

17-февраль күнү кечинде Сонгпа районундагы иш борборлорунун биринде болгон окуяда, кол салган адам дааратканага чейин аңдып барып  20 жаш чамасындагы кызды зордуктоого аракет кылган.

Окуя болгон жерге жакын жердеги ресторанда иштеген 25 жаштагы Ширин жана анын кожоюну кыздын кыйкырыгын уккандан кийин жардамга чуркашкан.

Күрөштөн кийин Ширин кызды кол салган адамдан куткарып, мас абалдагы кол салуучунун качып кетишине жол бербей, полицияга өткөрүп берген. Ким экени айтылбаган 30 жаштагы жаран камоого алынды.

Бул окуя жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) кеңири чагылдырылды.

Түштүк кореялыктар Ширинди социалдык медиа платформаларында бөлүшкөн видеотасмаларга берген комментарийлеринде өлкөдө келгин катары бул жүрүм-турумун көрсөткөнү үчүн куттукташты.

Окуядан кийин Түркиянын Сеулдагы элчиси Эрсин Эрчин, Ширинди Элчиликке чакырып үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн куттуктады.



Тектеш кабарлар