Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык тармактагы Твиттер эсебинен берилген билдирүү жана Ички иштер министрлигинин Облустук терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн командалары менен чек арадагы аскердик бөлүктөрдүн биргелешип жүргүзгөн операциялары.

1596528
Түркиянын терроризмге каршы күрөшү уланып жатат

Сириянын «Евфрат калканы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГге мүчө эки террорист зыянсыздандырылды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык тармактагы Твиттер эсебинен берилген билдирүүдө, террористтердин «Евфрат калканы» аймагында тийишип ок атканы кабарланды.

Билдирүүдө, «Евфрат калканы аймагында куугунтуктоону баштаган 2 ПКК / ЙПГ террористи биздин баатыр десанттарыбыз тарабынан жок кылынды»,деп берилди.

Бир тараптан Шанлыурфанын Акчакале районунда 8 адамдан турган ПКК / ЙПГ террористтери Сириядан Түркияга мыйзамсыз жол менен кирүүгө аракет кылып, баштыгында болжол менен 4 килограмм жардыргыч зат менен кармалды.

ПКК / ЙПГнын басып алуусундагы  Ракка шаарынан Түркияга кол салуу үчүн террористтер келе турганы жөнүндө алынган маалымат боюнча коопсуздук күчтөрү иш-аракеттерин баштады.

Ички иштер министрлигинин Облустук терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн командалары менен чек арадагы аскердик бөлүктөрдүн биргелешип жүргүзгөн операцияда "Шейит Лейтенант Өзкул" чек ара пунктунун жоопкерчилигиндеги аймагынан Түркияга мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган Сирия тектүү 8 киши кармалды.

Бул адамдардын арасында орун алган ПКК / ЙПГ террорчусунун сумкасынан эки бөлүк түрүндө минага кошулган 4 килограммга жакын жардыргыч заттар, уюлдук телефондор, батарейкалар жана көптөгөн уюштуруу документтери табылды.

Бомбаны жок кылуучу топтор тарабынан көрүлгөн керектүү чаралардан кийин жарылуучу зат көзөмөлгө алынып жок кылынды.

Камакка алынган берки 7 шектүүнүн уюм менен байланышы бар-жогу иликтенип жатат.



Тектеш кабарлар